Blog Image

КМУга Япониянын «Ниппон Трэвел» компаниясынын өкүлү келди

22-июль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Япониянын «Ниппон Трэвел» компаниясынын өкүлү Наоки Баба мырза менен жолугушту. Жолугушууга Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, ректордун кеңешчиси Мичинори Ёцухаши катышты.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Келишимге ылайык, билим берүү, илимий жана коомдук-маданий ишмердүүлүктү өнүктүрүү багытында кызматташат.