КМУга Өзбекстан жана Казакстандын өнөктөш ЖОЖдорунан өкүлдөр келди
Бүгүн, 10-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинен өкүлдөр келди.
Келген конокторду И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев тосуп алышты.
Делегациянын курамында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Расулов Бахтиёр, АМПИнин Орус, кыргыз тилдери жана адабияты кафедрасынын башчысы Махбубахон Темирова, АМПИнин басма сөз катчысы Фуркатбек Нодирбеков, АМПИнин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Мухаммадали Собиржонов жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессору Сауле Асанбаева, Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын академиги Айгүл Сатбекова, профессор Жаркынбике Сулейменова, КазУКПУнун басма сөз катчысы Даурен Аязбаев келишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жолугушуунун алкагында КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин өкүлдөрү академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тажрыйба алмашуу жана мобилдүүлүк программасынын алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Коноктор КМУнун музейи жана илимий китепканасы менен таанышып, университеттин тарыхы, жетишкендиктери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат алышты.