Blog Image

КМУнун 10 студенти профессор Э.Ж.Маанаев атындагы стипендиаты аталды

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 10 студенти профессор Э.Ж.Маанаев атындагы стипендиясына ээ болушту.

Алар, Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин I, II, III курсунун студенттери, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүлөрү, активисттер жана окуудагы жетишкендиктери менен белгилүү.

Съездбекова Милана – 3-курс, КМУнун студенттик өкмөтүнүн тышкы иштер министри; Баянов Рамис – 3-курс, ТСУББИнин студенттик Өкмөтүнүн төрагасы, кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону; Зайирбеков Арашан – 1-курс; Кашымбекова Назик - 2-курс; Момунбеков Диннур – 1-курс; Какематов Бексултан – 2-курс; Исманова Жаркынай – 2-курс; Абакирова Айжамал – 2-курс; Кенжебеков Адилет - 2-курс; Бакытбек уулу Тимурлан – 2-курс.

Бул стипендияга студенттер 2024-2025-окуу жылындагы окуудагы жетишкендиги жана коомдук-маданий иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ээ болушту. Стипендия тапшыруу иш-чарасынын алкагында профессор Э.Ж.Маанаев жөнүндө студенттер тарабынан баяндамалар жасалды. Ошондой эле институт түптөлгөндөн бери иштешип келген кесиптештери профессорлор К.Айдаркул, Н.У.Усупова, С.К.Алымкулова, А.Р.Жоошбекова, доценттер Б.З.Бакеева, Г.Д.Курумбаев ж.б. тарабынан эскерүүлөр айтылды.

Стипендияны институттун директору Ч.У.Койчуманова жана Эгемберди Жумагулович Маанаевдин неберелери Эмос жана Серик Маанаевдер тапшырышты.

Бул стипендия институттун студенттерине стимул берүү максатында уюштурулуп, жыл сайын окуу жылынын аягында тапшырылып тураарын кабарлады.