Blog Image

КМУнун 15 студентине Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан стипендия тапшырылды

Бүгүн, 24-июнь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика багытында билим алып жаткан15 студентине КРнын Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев 15 000 сом өлчөмүндө стипендиясын тапшырды. Төраганын стипендиясы илимий чыгармачылыкта жана коомдук иштерде жараткан ийгиликтери үчүн мыкты студенттерге берилди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев учурда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бүгүнкү сыйлык келечектеги педагогдорго стимул болорун кошумчалады. Стипендия тапшыруу аземине КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, депутаттар Винера Раимбачаева, Камила Талиева да катышты. Депутат Камила Талиева мугалимдик ардактуу кесип кесип экенин белгилеп, педагогикалык факультеттерди тандаган улан-кыздарга ыраазылык билдирди. Ал эми депутат Винера Раимбачаева ушул тапта мыкты мугалимдерге коомчулук муктаж экенин айтып, студенттерди терең билим алууга чакырды.