КМУнун 200дөн ашык студенти март-апрель айларында өтүүчү ЖОЖдор аралык Универсиадасына катышат
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу, ошондой эле студент жаштар арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоого үндөө максатында 2025-жылдын 11-мартынан 25-апрелине чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан жогорку окуу жайлар аралык Универсиадасына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 200дөн ашык студенти спорттун 17 түрү боюнча катышат.
Универсиаданын салтанаттуу ачылышы 14-март күнү Кожомкул атындагы Спорт сарайында өттү.