Blog Image

КМУнун 3-курсунун студенттери Бишкек шаарындагы №59 бала бакчасында педагогикалык-базалык практикадан өтүштү

14-апрель 12-май күндөрү аралыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү багытынын III курсунун студенттери Момунжанова Севара, Жөкөева Айпери, Абдырашит кызы Айгерим, Мелисова Медина, Райымбекова Аделя, Кубанычбек кызы Сезим, Талантбекова Сезим, Нурлан кызы Айтунук, Лемеза Самира, Сагымбекова Аяна, Элебесова Азема жана Аманбекова Акдаана Бишкек шаарындагы №59 “Баластан” Мектепке чейинки билим берүү уюмунда педагогикалык-базалык практикадан өтүштү.

Алар өздөрүнүн билим берүү программасына ылайык практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүп, жаш куракка ылайык дисциплинар боюнча сабактарды өткөрүштү.

Мисалы, бала бакчанын орто топтогу тарбияланычууларына “Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу” дисциплинасы боюнча “Сандар менен ойнойбуз”, наристе тобуна – “Үй жаныбарлары”, орто тобуна – “Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу жана кеп өстүрүү” предмети боюнча “Канаттуулар” аталышында кызыктуу балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып, оюн аркылуу сандарды таанып-билүүгө багытталган; үй жаныбарларын таанытуу максатында визуалдык материалдар, оюнчуктар жана кыска музыкалык фрагменттер колдонуу менен; канаттуулар дүйнөсүн тааныштыруу жана башка кызыктуу жана активдүү сабактарды өткөрүштү.

Жыйынтыгында, бардык студенттер педагогикалык практика учурунда өздөрүнүн теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырып, жаш балдар менен иштөөдө зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырышты. Алардын сабактары мазмундуу, балдардын жаш курактарына ылайык уюштурулуп, тарбия берүү жана өнүктүрүү максаттарына ылайык келди.