КМУнун 3 студенти “КМШнын мыкты жаш окумуштуусу” аталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетик университетинин Орус филологиясы факультетинин 2-курсунун студенттери Мансурбаева Сезимкан, Абдумалик кызы Толгонай жана Тохтибакиева Самира “КМШнын мыкты жаш окумуштуусу” эл аралык сынакка катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Алар, I даражадагы Диплом жана медаль менен сыйланып, “КМШнын мыкты жаш окумуштуусу” аталышты. Бул сынакта алар “Билим берүү мейкиндигинде орус тили мугалиминин ролу” жана “Орус тили сабактарында салттуу эмес сабактар” темасында макалалар менен катышкан.