Blog Image

КМУнун 3 студенти президенттик стипендия алды

Бүгүн, 31-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студентери Дильназ Беркуталиева, Айнази Исмайылбекова, Айжаркын Төлөнова окуудагы дилгирлиги, коомдук иштерде активдүүлүгү жана үлгүлүү жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия ээлери болду.

Салтанаттуу иш-чарада КРнын Президенти Садыр Жапаров жаштарды окууга, илим-билимге жана өлкө келечегин курууга активдүү салым кошууга чакырып, стипендия ээлерине ийгиликтерди каалады.

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине берилүүчү сыйлык. Бул жылы президенттик стипендияга республика боюнча 92 студент ээ болду.

Позвонить