Blog Image

КМУнун 4-курс студенттери педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүшүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун окутуучулары жана 4-курс студенттери кесиптик-профилдик практиканы №5, №72, №84, №57 жалпы билим берүү орто мектептеринде өтүшүүдө.

Педагогикалык практика студенттер үчүн теория менен практиканы айкалыштырып, өзүнүн жеке педагогикалык стилдерин калыптандырууга, окуучулар менен натыйжалуу байланыш түзүүгө жана билим берүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Бул тажрыйба алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатып, мугалимдик кесипке болгон даярдыгын арттырууда шарт түзөт.

Позвонить