Blog Image

КМУнун 80 жылдыгына арналган студенттер аралык спартакиаданын ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 14-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган студенттер аралык спартакиадасынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага КМУнун мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Ш. Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков жана профсоюз уюмунун жетекчиси Назар Догдурбек катышты. Иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоо жана спортту жайылтуу максатында уюштурулуп, спорттун 8 түрү: волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, кол күрөш, жаа атуу, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” дирекциясы тарабынан 2024-жылдын 24-30-июнунда ЖОЖдун профессордук-окутуучулар курамы арасында өткөн “Ден соолук” спартакиадасында байгелүү орундарды ээлеген окутуучуларга КМУнун “Эмгек сиңирген ишмер”, Ардак грамотасы, Ыраазычылык кат сыйлыктары тапшырылды.