КМУнун 80 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «XXI кылымдагы тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын трансформациялоонун өзгөчөлүктөрү» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага КМУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Борбордук Азия Регионалдык институтунун директору Алмазбек Бейшеналиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов, жана Кыргызстандын, Казакстандын, Татарстандын, Грузиянын, Россиянын окумуштуулары катышууда.
Конференциянын максаты: Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын этнопедагогикалык баалуулуктарды интеграциялоо аркылуу трансформациялоодогу идеялар менен бөлүшүү, тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында маселелерди чечүүгө педагогикалык кадрларды сапаттуу даярдоо боюнча илимий-педагогикалык талкууларды өткөрүү.
Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун Педагогика кафедрасы тарабынан уюштурулду.