КМУнун 80 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «XXI кылымдагы тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын трансформациялоонун өзгөчөлүктөрү» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага КМУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Борбордук Азия Регионалдык институтунун директору Алмазбек Бейшеналиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов, жана Кыргызстандын, Казакстандын, Татарстандын, Грузиянын Россиянын окумуштуулары катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Миргүл Эсенгулова «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын түптөлүү тарыхы», педагогика илимдеринин доктору, профессору Абакир Мамытов «12 жылдык билим берүү: Кыргызстандагы абалы жана келечеги», педагогика илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, Борбордук Азия Регионалдык институтунун директору Алмазбек Бейшеналиев «Кыргыз Республикасынын орто мектептик билим берүү системасын 12 жылдык окутууга өткөрүүнүн жолдору жана перспективалары», И. Ахунбаев атындагы КММАнын патофизиология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшин «Влияние климато-географических условий Кыргызской Республики на физическое и психологическое развитие детей в рамках запланированного 12-летнего школьного образования», педагогика илимдеринин доктору Симон Джанашиа «Исследование в действии («практическое исследование») как компетенция, процесс и инструмент политики для професссионального развития учителей», педагогика илимдеринин кандидаты, Edu Tech санариптик билим берүү технологиялар борборунун директору Луиза Плотникова «Цифровая образовательная среда в ВУЗе» аталышында баяндама жасады.
Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун Педагогика кафедрасы тарабынан уюштурулду.