Blog Image

КМУнун 80 жылдыгына карата илимий-новатордук көргөзмө өттү

Бүгүн, 10-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган Билим берүү жана илимий-инновациялык ишмердүүлүк көргөзмөсү өттү.

Көргөзмө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, КМУнун бардык институттары, кафедралары өздөрүнүн билим берүү технологиялары, илимий изилдөөлөрү жана инновациялык материалдарды сунушташты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы элчиликтердин өкүлдөрү, ЖОЖдордун ректорлору, Россиянын, Казакстандын, Венгриянын, Япониянын, Кореянын, Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлору, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Көргөзмөнүн негизги максаты: университеттин ар кандай багыттардагы илимий, билим берүү жана практикалык жетишкендиктерин коомчулукка тартуулоо.

Позвонить