КМУнун 80 жылдыгына жана Мугалимдер күнүнө арналган иш-чара өттү
9-октябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсунун окутуучулары А.Ш. Кочкорбаева, Г.Ж. Сыдыгалиева, А.Т. Асанова орус филология факультетинин, педагогика жана психология институтунун жана искусство жана дизайн институтунун 1-курсунун студенттери менен биргеликте И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына жана Мугалимдер күнүнө арналган иш-чара өткөрдү. Иш-чарага чет элдик коноктор Ле Тхань Ван Вьетнамдан жана Скрябина Ксения Владимировна РФ Калининград шаарынан катышты. Орус филология факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Ле Тхань Ван жана Ксения Скрябина сөз сүйлөштү.
Иш-чарага ОФФнын кафедра башчылары жана профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты.