КМУнун 80 жылдык мааракелик төш белгилери тапшырылды
Бүгүн, 7-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн төш белгилери тапшырылды:
1. Бекбалаев Амангелди Абдыжапарович филология илимдеринин доктору, профессор
2. Асанканов Абылабек Асанканович тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,
3. Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын “Даңк” орденинин ээси, мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси