Blog Image

КМУнун 80 жылдык мааракесине карата китеп даярдалууда

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгына арналган  китеп даярдалууда
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгына арналган китепте университеттин калыптануу жана өнүгүү тарыхы, билим берүү, илим, жаштар саясаты жана эл аралык ишмердүүлүк багыттары, улуттук билим берүүнүн жана өлкөбүздөгү жогорку билим берүүнүн калыптануу эволюциясы, тарыхы жана концептуалдык маселелери тууралуу маалыматтар камтылат. 
Ошондой эле окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошкон белгилүү инсандар, окумуштуулар жана  кыргыз кыз-келиндерине ылайыкталган училище болуп уюшулгандан тартып билим алган, кийин талыкпаган эмгекчилдиги менен республиканын билим берүү, илим, маданий тармактарында, коомдук иштерде жана башкаруу системасында ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөр жөнүндө кыскача маалымат  берилет.  
Китептин расмий бет ачары университеттин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт.

Позвонить