Blog Image

КМУнун 80 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн “Сабаттуу жаз” акциясы жыйынтыкталды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Сабаттуу жаз” акциясы жыйынтыкталды. Иш-чарага Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев, ф.и.к., доцент Айнура Кабатай кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. “Сабаттуу жаз” акциясына жалпы 322 студент катышып, атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан текшерилип, жеңүүчүлөр аныкталды.

Белгилей кетсек, “Сабаттуу жаз” акциясы Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Жеңүүчүлөр 17-ноябрь күнү жарыяланып, баалуу сыйлыктар тапшырылат.