КМУнун 80 жылдык мааракесине карата уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топ бардык тармактар боюнча аткарылып жаткан ишмердүүлүк тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, мааракеге карата өткөрүлө турган илимий, маданий жана расмий иш-чаралардын планы каралып, тиешелүү тармактарга милдеттер жүктөлдү.