КМУнун 80 жылдык юбилейине карата логотип жана герб бекитилди
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгына карата университеттин ишмердүүлүгүн даңазалоо, кеңири чөйрөгө таанытуу максатында атайын иштелип чыккан мааракелик логотип бекитилди.
Ошондой эле, КМУнун гербин алмаштыруу маселеси 80 жылдыктын негизинде каралып, мурдагы гербдеги элементтерди жаңы формациядагы билим берүүнү чагылдыруу максатында иштелип чыккан.
Ошентип, И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан окуу жайдын 80 жылдык юбилейине карата логотип жана герб бекитилди.