Blog Image

КМУнун 84 аспиранты жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 84 аспиранты 2022-2023-окуу жылындагы аспирантурасын 20дан ашуун илимий багыт боюнча жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүштү. Алар 2022-2023-окуу жылындагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун программасынын негизинде бүтүрүү сертификаттарын алышты. Сертификат тапшыруу аземине И. Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышып, илимий чөйрөдөгү кадрлар педагогикалык билим берүү системасынын өнүгүү жолунда орду чоӊ экенин белгилеп, ийгилик каалады.