Blog Image

КМУнун ачылыштар лагери. Кыш-2023

КМУнун ачылыштар лагери. Кыш-2023

“Discover Kyrgyzstan-the country of Heavenly Mountains!”

7-10 февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Азия-Тынч океан регионундагы академиялык мобилдүүлүк уюмунун (University Mobility in the Asia-Pacific Region) программасынын алкагында кышкы лагер өткөрүлөт.

Кыска мөөнөттүү ачылыштар лагеринин программасы өлкөбүздүн тарыхын, маданиятын, каада-салттарын жана учурдагы коомдук процесстерин үйрөнүү аркылуу Кыргызстанды таанытуу максатын көздөйт.

Программанын мазмуну БУУнун номер 3,5,8,9,12,13,14,17 туруктуу өнүгүү максаттары менен айкалышат.

КМУнун курам бөлүмдөрү маданий жана академиялык иш-чараларды сунуш кылышат. Ачылыштар лагеринин программасы жалпы UMAP консорциумга КМУнун жогорку билим беруу программаларын ишке ашыруу багытындагы ишмердүүлүгү менен тааныштырууга мүмкүндүк берет.

Программа Япон таануу институту тарабынан демилгеленип, уюштурулууда.