Blog Image

КМУнун административдик башкаруу кызматкерлеринин профбюросунун жаңы төрагасы шайланды

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун административдик башкаруу кызматкерлеринин профбюросунун кезексиз отуруму болуп өттү.

Отурумга И.Арабаев атындагы КМУнун Бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек жана КМУнун административдик башкаруу кызматкерлеринин профбюросунун мүчөлөрү катышышты.

 Отурумда административдик башкаруу кызматкерлеринин профбюросунун төрайымы Наргиля Садыкова Адам ресурстары башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу Административдик башкаруу кызматкерлеринин профбюросунун жаңы төрагасы болуп Жаштар, социалдык-маданий иштер жана спорт бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров шайланды.