КМУнун ага окутуучусу А. Жолдошева жана студенти Г. Абарова эл аралык конференцияга катышууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн институтунун ага окутуучусу Айгүл Жолдошева жана студенти Гүлчехрахан Абарова Өзбекстан Республикасынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган «Жогорку билим берүү системасында көркөм сүрөт, чийүү жана музыка сабактарын окутуудагы заманбап мамилелер жана тенденциялар» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Конференциянын жүрүшүндө КМУнун студентти Гүлчехрахан Абарова “Технологиялык билим берүүнүн методикасы” аталышында доклад жасады.
Бул иш-чара университеттин эл аралык байланыштарын чыңдап, студенттердин илимий потенциалын өстүрүүгө шарт түздү.

