Blog Image

КМУнун ага окутуучусу Алина Кытыкенова “Семинарга даярданууда, презентация жасоодо колдонулуучу ыкмалар жана жаңы технологиялар” аталышында семинар өттү

16-январда Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Алина Кытыкенова профессордук-окутуучулук курамына, магистранттарга “Семинарга даярданууда, презентация жасоодо колдонулуучу ыкмалар жана жаңы технологиялар” аталышындагы семинар өттү. 
Семинар презентация жасоодо колдонула турган смартфондо, компьютер, планшеттерге ылайыкталган заманбап тиркемелерди тааныштырууга арналды.
Алгач теориялык маалымат берилген соң, электрондук такта аркылуу практикалык мисалдар көрсөтүлдү. Анда өзгөчө басым бекер колдонуу мүмкүнчүлүктөрү бар Canva, InShot,  Pinterest, Clip Drop тиркемелерине арналды. Алардын ар бирин талдап, ички түзүлүшү, иштөө эрежелери менен тааныштырды. Жасалма интеллект боюнча да Chat GPTтын мисалында маалыматтар берилди. 
Семинар тиркемелер менен жекече иштешүү боюнча мастер-класс көргөзүү менен жыйынтыкталды.