Blog Image

МТМИнин 3-курсунун студенттерине доцент Гүлмира Тагаева «Долбоорлор ыкмасы» темасында ачык сабак өттү

12-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттерине доцент Гүлмира Тагаева предметтик декаданын алкагында «Долбоорлор ыкмасы» темасында «Студенттердин өз алдынча иштөө методологиясы» дисциплинасы боюнча ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө Гүлмира Тагаева студенттерге презентация аркылуу тексттерди жана илимий макалаларды жазууда долбоор ыкмасын кантип колдонуу керек экендигин түшүндүрдү. Сабактын практикалык бөлүгүндө интерактивдүү окутуунун усулдары жана ыкмалары колдонулду. Студенттер илимий макала жазуу этаптары боюнча активдүү иштешип, сабактын аягында илимий макала боюнча өз иштерин көрсөттү.