Blog Image

КМУнун ага окутуучусу Рита Сапарбекова Москва шаарында өткөн тарыхчылар арасындагы сынактан 3-орунду алды

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун ага окутуучусу Рита Сапарбекова Москва шаарында өткөн тарыхчылар арасындагы «История в школе: традиции и новации» аттуу эл аралык сынакка катышып, 3-орунду алды. Ага ылайык, диплом жана баалуу белек менен сыйланды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 21-ноябрда Москва шаарында Орус Тарых Коомунун үйүндө болду. Бул  конкурс VIII жолу таланттуу жана тажрыйбалуу тарых мугалимдерин колдоо жана дем берүү максатында Тарых жана коом таануу Мугалимдеринин ассоциациясы жана «История Отечества» фонду тарабынан өткөрүлүп келет. Сынакка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тарыхчы мугалимдери катышты.