КМУнун ага окутуучусу С.Мамбеталиева Казакстанда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу С.К. Мамбеталиева Шымкент университетинде өткөн «Студенттик илим – жаштардын көз карашы менен» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференцияга Польша, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан жаш окумуштуулар, магистранттар жана докторанттар катышты.
Иш-чара студенттик илимдин өнүгүшүнө жана жаштардын илимий кызыгуусун арттырууга багытталган.
Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен Шымкент университетинин филология факультетинин ортосунда биргелешкен илимий долбоорлорду даярдоо, илимий конкурстарга катышуу, инновациялык технологияларды иштеп чыгуу, актуалдуу проблемалар боюнча магистрлик жана PhD докторлук диссертацияларды даярдоо багытында келишим түзүлгөн.