КМУнун ага окутуучусу Ж.Дунганова Москвада өткөн ЭИАА билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңешинин II отурумунда сөз сүйлөдү
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын ага окутуучусу Жамиля Дунганова Эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясынын (ЭИАА) билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңешинин II отурумунда сөз сүйлөдү.
Аталган иш-чара Москва шаарында Россия Федерациясынын билим берүү академиясында өттү. Жолугушуунун негизги темасы “Инклюзивдик билим берүү” болду.
Жамиля Дунганова онлайн форматта «Кыргызстанда инклюзивдик билим берүү: жетишкендиктер жана өнүгүү келечеги» темасында баяндама жасады. Анда, Ж.Дунганова инклюзивдик билим берүү педагогикалык гана милдет эмес, социалдык адилеттүүлүккө карай маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Россиянын билим берүү академиясынын Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун жетекчиси Светлана Лазуренко билим берүүдөгү инновациялык ыкмаларды талкуулоо жана өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Азыркы этапта Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңештин курамына Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Россиянын адистештирилген уюмдарынын өкүлдөрү кирет.