КМУнун ага окутуучусу А.Ташматовдун долбоору грант утуп алды
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнѳлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын ага окутуучусу Ташматов Абдимиталип Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланган бүтүрүүчүлөр үчүн чакан долбоорлор программасынын грантын утуп алды. Долбоордун аткаруучу өнөктөшү American Councils болуп саналат.
Абдимиталип Ташматовдун долбоору «Тил үйрѳнүүдѳ заманбап вебге-негизделген окуу куралдарын жана окутуу ыкмаларын колдонуу» деп аталат. Бул долбоорго тѳрт университеттин, атап айтканда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана Талас мамлекеттик университетинин жаш окутуучулары жана студенттери тартылмакчы. Ар бир университеттен 15 жаш окутуучу жана 20 студент долбоорго катышат.
Долбоордун максаты – Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана өлкөбүздүн өсүп келе жаткан жаштарына татыктуу билим берүү болуп саналат.