Blog Image

КМУнун академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Экономика жана менеджмент институтунун II, III курстарынын студенттери Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине окууга жөнөтүлдү

И.Арабаев атындагы КМУнун академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында Экономика жана менеджмент институтунун (ЭMИ) II, III курстарынын студенттери Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине у.ж. 9-январында окууга жөнөтүлдү. Окуу мөөнөту у.ж. 24-июнуна чейин уланат.

«Экономика» багыты боюнча III курсунун студенттери Абдыганыева Самара, Базылбекова Аймира, Мукарамов Эрнис жана «Менеджмент» багыты боюнча II курсунун студенттери Арыкова Айдай, Нурбекова Нуриза.

Студенттерге окуусунда ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!