Blog Image

КМУнун активдүү студенттери “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу достук фестивалында ардак грамота менен сыйланышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин таланттуу студенттери Б.Осмонов атындагы ЖАМУда өткөн “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу достук фестивалында автивдүү катышкандыгы үчүн ардак грамота жана 10миң сомдук сертификат менен сыйланышты. Аларды окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева кабыл алып, университеттин атынан Манас айтуу жана элдик ырларды мыкты аткаргандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. 

Аталган достук фестивалы жаштардын бири-бири менен таанышып, дос болуусуна, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүүчү маданий иш-чара. Ага өлкөдөгү 7 жогорку окуу жайдын студенттери катышты.