Blog Image

КМУнун аялдар футболу командасы Кыз-келиндер футболу боюнча КР улуттук чемпионатынын алкагында “Ысык-Көл” курама командасы менен беттешти

Кыз-келиндер футболу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук чемпионатынын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин курама командасы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында өткөн “Ысык-Көл” курама командасы менен беттешти.

Улуттук чемпионатка 8 команда катышкан: А. Момунов атындагы футбол академиясы (Ош шаары), “Юность” (Майлы-Суу шаары), “Ысык-Көл” (Каракол шаары), Бишкек шаарынан “Азия гол СИ”, “Илбирс”, “Виват”, “Керемет” командалары жана И.Арабаев атындагы КМУнун командасы.

Айта кетсек, биздин университет Кыргызстанда аялдар футболу боюнча Улуттук лигага катышкан жалгыз университет.