Blog Image

КМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн «Билим уясы» коомдук бирикмеси түзүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн коомдук бирикмесин уюштуруу жыйыны өттү. Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек, профессордук-окутуучулар курамы жана 400 дөн ашык бүтүрүүчүлөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук бирикменин аталышы «Билим уясы» деп аталып, төрагалыгына Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун ага окутуучусу Чынгыз Амантур уулу дайындалды.

КМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн «Билим уясы» коомдук бирикмесин түзүүнүн негизги максаты: окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өз ара байланышып, тажрыйба алмашуу, бирдиктүү пикирлештерди табуу жана кесиптик чөйрөдө бири-бирин колдоо.

Бул бирикме окуу жай менен бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдеп, бирге өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.