Blog Image

КМУнун “Башталгыч билим берүү” профилинин 3-курсунун студенттеринин педагогикалык практикасы боюнча жыйынтыктоочу педагогикалык кеңеш өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун “Башталгыч билим берүү” профилинин 3-курсунун студенттеринин педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу педагогикалык кеңеши профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өттү.

Педагогикалык кеңешке п.и.к., доцент Эльмира Сейталиева, п.и.к., доцент Марьянкан Раимбекова жана окутуучу Айчүрөк Райымбек кызы жана мектеп-лицейдин мугалимдери катышты. Анда, мектеп-лицейдин жетекчилиги КМУнун окутуучуларына ыраазычылык билдирип, практика өткөн студенттердин билим сапатына жакшы бааларын берип, Ыраазычылык кат тапшырды.