КМУнун бир катар окутуучуларына доценттик илимий наамы ыйгарылды
Бүгүн, 3-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин жыйынында бир катар окумуштууларга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан доценттик илимий наамы жана кандидаттык диплому тапшырылды.
Алар,
- Искусство жана дизайн институтунун музыка кафедрасынын ага окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты Нусубалиева Гүлзат Бектуровнага ИЗО боюнча доценттик диплому;
- Мамлекеттик тили жана маданият институтунун кыргыз тили жана анын технологиясы кафедрасынын доц.м.а., филология илимдеринин кандидаты Төлөкова Элмира Турдубаевнага кыргыз тили боюнча доценттик диплому;
- Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн доц.м.а., филология илимдеринин кандидаты Кабатай кызы Айнурага журналистика адистиги боюнча доценттик диплому;
- М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту, педагогика илимдеринин кандидаты Ниязова Айнагуль Маликовнага педагогика боюнча доценттик диплому;
- Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Жолдошова Бибигүл Алайчиевнага педагогика боюнча доценттик диплому;
- Педагогика жана психология институтунун педагогика, психология жана мектепке чейинки билим берү кафедрасынын доц.м.а., педагогика илимдеринин кандидаты Шамканова Гульмира Джылкычиевнага педагогика боюнча доценттик диплому;
- Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Кырбашова Майрамкүл Турганбековнага биология боюнча доценттик диплому;
- М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин ага окутуучусу Жумалиева Венера Боронбаевнага тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы диплому;
- Экономика жана менеджмент институтунун окуу жана илимий иштери боюнча директордун орун басары Албанбаева Жылдыз Осмонкуловнага педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы диплому тапшырылды.





