Blog Image

КМУнун БКБ төрагасы Н.Догдурбек КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VIII съездине делегат болуп сунушталды

Бүгүн, 20-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУда КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин (КР БИККБ) VIII съездине делегат шайлоо үчүн университеттин Бириккен кесиптик бирлигинин (БКБ) кеңейтилген чогулушу өттү.

Кеңейтилген чогулуштун жыйынтыгында КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VIII съездине КМУнун кесиптик бирлигинен делегат болуп төрага Назар Догдурбек жана КР БИККБ текшерүү комиссиясынын курамына Динара Дайырбекованын талапкерлиги сунушталды.