Blog Image

КМУнун делегациясы КЭРдин Ай жана ыраакы космос мейкиндигин изилдөө борборуна барышты

Бүгүн, 6-март күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу баштаган делегация Кытай Эл Республикасынын Ай жана ыраакы космос мейкиндигин изилдөө борборуна барышты. КМУнун делегациясы Борбордун Башкы директору менен жолугушуп, анда Ай жана ыраакы космос мейкиндигин изилдөө жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Тараптар И.Арабаев атындагы КМУнун базасында жумушчу топ түзүүнү макулдашты. Бул долбоорго биздин университеттин илимпоздорунун катышуусу менен бирге, коюлган маселелерди чечүү үчүн башка университеттердин окумуштууларын да тартуу зарыл экендиги белгиленди. Делегациянын жетекчиси Талантбек Курманбек уулу окумуштууларыбызды Пекинде стажировкадан өткөрүүгө кытай тарабынын макулдашуусун алды.