Blog Image

КМУнун Дене тарбия факультетинде «Спорт – сергек жашоо образы» аталышында тегерек стол өттү

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия факультетинде «Спорт – сергек жашоо образы» аталышында тегерек стол өттү. Иш-чаранын ачылышында Дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Каныбек Сарымсаков кунүмдүк жашообузда спорттун орду өзгөчө жана көп болушун каалап кетти.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери Хабибулла Анаркулов спорт менен машыгуу, жогорку жетишкендиктерге жетүү максаты тууралуу өзүнүн “Сергек жашоонун компоненттери” аталышында баяндамасында айтып берди. “Кыргыз күрөшүнүн тарыхы” тууралуу улуттук спорт түрлөрү кафедрасынын доценти, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР жана КРнын спорт чебери, эл аралык категориядагы судья Калимулла Джамангулов айтып берди.

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын деканы, волейбол боюнча академиянын башкы машыктыруучусу Эрмек Бейшекеев, эл аралык даражадагы спорт чебери Бейбарс Анарбеков, эл аралык класстагы спорт чебери Чыңгыз Чалабаевдер студенттерди кызыктырган суроолорго кеңири жооп беришти.