КМУнун Дин таануу институту Нур-Мубарак Египет ислам маданияты университети менен кызматташат
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу институтунун директору, Ph.D доктор Нурбек Шамралиев Алматы шаарындагы Нур-Мубарак Египет ислам маданияты университетинин проректору, профессор Ершат Онгаров менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, окутуучулук тажрыйба алмашуу жана билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.
Бул келишим эки тараптуу байланыштарды чыңдоого, билим берүү жана илим жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.