Blog Image

КМУнун доценти А.Муратова «Мектепке чейинки балдарга музыканын тийгизген таасири» тегерек столго катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценти Айнура Муратова Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту тарабынан уюштурулган «Мектепке чейинки балдарга музыканын тийгизген таасири» аталышында тегерек столго катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Айнура Муратованын “Ырда, бөбөк” аталышындагы балдар ырларын топтогон эмгеги бааланып, республикалык деңгээлде жайылтуу зарылдыгы белгиленди.

Иш-чарага Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага илимий кызматкери, “Бала бакчада музыкалык тарбия берүүнүн методикасы” китебинин автору Жумабек Дүйшөналиев, “Биздин бакча” балдар ырлары китебинин түзүүчүсү Эсенбек Султангазиев, Бишкек шаарынын бала бакчаларынын музыкалык жетекчилери Раймахан Рыспекова, Базарбек кызы Чынара, окуу жайдын педагогикалык жааматынан Динара Кутманалиева, Салкын Сыдыкова, Бообек уулу Руслан жана Зина Куменова катышты.