КМУнун доценти К.Алымкулов “Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аталышында лекция окуду
27-март күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти Алымкулов К.А. тарых жумалыгынын алкагында 3-курстун студенттерине Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” темасында лекция окуду.
Иш-чаранын максаты: эркиндикти, тынчтыкты, бейпилдикти тартуулаган аталарыбызды эскерүү, алардын эрдиктерин даңазало. Лекцияда 1941-1945-жылдарындагы Кыргызстандын орду, каардуу мезгилдеги калк арасындагы маселелер чагылдырылды. Лекцияга ТСУББИнин профессордук-окутуучулар курамы катышты.