Blog Image

КМУнун доценти Н.Сегизбаева К.Тыныстанов атындагы ЫМУда конок-лекция өттү

18-20-февраль кундөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин магистратурасынын “Филологиялык билим берүү” багытынын “Орус тили жана адабияты” адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациясына катышып жана бакалавр студенттери үчүн конок-лекция окуду.

К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун орус филологиясы факультетинин 3-курстары үчүн «Использование современных технологий для развития письменной коммуникации второго языка для студентов педагогических вузов Кыргызстана» темасында конок-лекция өттү.

Конок-лекциянын негизги максаты: окутуунун коммуникативдик багыты, кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө интегративдик мамиле, окуучулардын эне тилин жана маданиятын эсепке алуу, нукура материалдарды жана заманбап технологияларды колдонуу.

Бул лингводидактикалык негиздер келечектеги мугалимдерди кесипке даярдоо менен педагогикалык ЖОЖдордо эне тилин натыйжалуу окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.