Blog Image

КМУнун ДТЭМИнин окутуучулары жана студенттери Anglia Examinations эл аралык борборунун өкүлү Мартин Клотз менен жолугушуусу болуп ѳттү

30-январда И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Anglia Examinations эл аралык борборунун өкүлү Мартин Клотз Чет тилдер кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары жана 3-курсунун студенттери менен жолугушуусу болуп ѳттү. 
Аталган иш-чарага КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева жана институттун директору Нуржан Сартбекова катышты. 
Жолугушууда Anglia Examinations эл аралык борбору менен Дүйнѳлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүн, профессордук-окутуучулук курамынынын иш тажрыйбасын окуу-усулдук жактан өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды.