Blog Image

КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда метод-семинарлар өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда 10-20-январь күндөр аралыгында метод-семинарлар өтөт. Бүгүн Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Каана Айдаркул “Кыргызстанда тарых илиминин өнүгүүсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр” аталышындагы семинарды алып барууда.
Профессор К.Айдаркул тарых илиминин өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү ачып берди. Анда, “тарыхтагы ак тактарга” өзгөчө көңүл бурулуп, изилдөөнүн заманбап багыттары жөнүндө айтылды. Азыркы мезгилде массалык репрессия темасы өзгөчө актуалдуу болуп калды. Профессор Каана Айдаркул докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого активдүү катышып келет.