КМУнун “ЭКО муун” ийрими “Дема Ал” фестивалында мастер-класс өткөрүштү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын алдындагы “ЭКО муун” ийрими Бишкекте өткөн “Дема Ал” фестивалына катышты.
Фестиваль Эл аралык таза аба күнүнө карата өткөрүлүп, абанын сапаты жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталган.
Фестивалдын алкагында КМУнун “ЭКО муун” ийрими мастер-класс уюштуруп, келген конокторго аба тазалоочу шаймандарды жасоо боюнча тажрыйбаларын бөлүштү.