КМУнун “ЭКО муун” ийрими экологиялык олимпиадада ийгилик жаратты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын “ЭКО муун” ийрими экология багытында жогорку окуу жайлар арасында өткөн олимпиадага катышты.
Иш-чара Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык кеңсесинин Орхус борбору тарабынан уюштурулган. Олимпиаданын негизги максаты: жаштар арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча билимдерин тереңдетүү.
Олимпиаданын жыйынтыгында КМУнун “ЭКО муун” ийриминин мүчөлөрү ийгиликтерге жетишип, төмөнкү 6 студент алдыңкы орундарды багындырышты:
1. Абдандил уулу Нурбол
2. Торобаева Төлөнгүл
3. Болоткан кызы Чурок
4. Анарбекова Айзирек
5. Керезбек кызы Жаздай
6. Турдалиева Айгерим