Blog Image

КМУнун «ЭКО муун» ийрими «Жашыл толкун» аталышындагы методикалык семинарга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун «ЭКО муун» ийрими «Жашыл толкун» аталышындагы методикалык семинарга катышып, «Туура тамактануу» боюнча мастер-класс көрсөтүштү.

Иш-чара А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өтүп, ага “ЭКО көзөмөл”, МП “Тазалык”, “МП Бишкек”, “Жаштар саясаты башкармалыгы”, "Роза Отунбаеванын демилгеси", Ага-Хан фонду жана башка экология тармагында иш алып барган уюмдар катышты.

Семинардын максаты: туруктуу өнүгүү пргораммасынын алкагында Кыргызстандагы экологиялык абалды жакшыртуу, билим берүү мекемелери менен мамлекеттик жана коомдук уюмдардын аракеттерин бириктирүү.