Blog Image

КМУнун “ЭКО муун” ийрими “Жашыл толкун” долбооруна катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун “ЭКО муун” ийрими жогорку окуу жайлар жана кесиптик лицейлер арасында өткөрүлгөн “Жашыл толкун” аталышындагы сынакка ийгиликтүү катышты.

Долбоордун максаты: жогорку курстарда окуп жаткан студенттердин жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле, жогорку окуу жайлар жана кесиптик лицейлер менен бизнестин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча түзүү.

Бул демилгелер студенттердин экологиялык аң-сезимин өстүрүүгө, жашыл экономикага байланыштуу кесиптерге кызыгуусун арттырууга жана мамлекеттик мекемелер, бизнес жана эл аралык уюмдар менен болгон кызматташууну чыңдоого салым кошот.