Blog Image

КМУнун Экономика жана менеджмент институту "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо" темасында 1-курстун студенттери үчүн куратордук саатты өткөрдү

29-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институту "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо" темасында 1-курстун студенттери үчүн куратордук саатты өткөрдү. Иш-чаранын максаты: "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" КРнын Мыйзамынын негизги жоболору менен таанышуу болду. Куратордук саат иштиктүү оюн түрүндө өттү.

Бул иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш тарабынан 2024-жылга пландаштырылган иш-чараларды аткаруунун алкагында өттү.

Иш-чарага «Экономика», «Менеджмент» багыты боюнча окуган 1-курстун студенттери катышты. Куратордук саат ага окутуучу М.У.Солтогулова жана окутуучу Н.К.Керимбекова тарабынан уюштурулган.