КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда Эне тилдин эл аралык күнүнө карата дебаттар уюштурулду
19-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун негизделгенинин 80 жылдыгына жана 21-февраль Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Экономика жана менеджмент институтунда өзгөчө маанилүү дебаттар өттү. Иш-чарада ЭМИнин Студенттик парламентинин жооптуулары Кыдырбеков Мурат, Абыталиева Мунира, Аспекова Азиза, Эсенбекова Аяна, Токтогулова Айдина уюштурушуп 1, 2, 3-курстун студенттери жана ага окутуучулар Акматова Т.А., Шаршеева А.Ж., окутуучу Шайлообек кызы Жамал катышышты. Студенттер эне тилибиз боюнча кызыктуу аргументтерди ортого салышып, коюлган маселелер боюнча кызыктуу дебаттар өттү.
Бул иш-чара эне тилдин маанисин, баалуулугун дагы бир жолу эске салып, студенттердин ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүгө чоң түрткү берет.